Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 27.12.2019 08:51

Нарын шаардык кеңешине жаңы депутат келди

Turmush -  Жакыпов Рысбек Шаршенбекович Нарын шаардык кеңешине депутат болуп келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин шардык кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынан депутат болгон Таалайбек уулу Камчыбек өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган. Анын ордуна Рысбек Жакыпов депутат болуп келип, ага депутаттык мандат тапшырылды.

Рысбек Жакыпов 1987-жылы туулган. Нарын педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. Андан соң Социалдык өнүктүрүү жана ишкерлик институтунда билим алды. КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынан билим алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адистигине ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×