Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 26.12.2019 14:06

Нарында коллегиялык отурум болуп өттү

Turmush -  Кечээ, 25-декабрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында коллегиянын кезектеги жыйыны өткөрүлүп, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын аткарылышы жана Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жасалган жумуштар тууралуу маселе каралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйында кетирилген кемчиликтерге басым жасалып, себептери иликтенди. Айрыкча айыл өкмөттөрдөгү иш кагаздарына болгон кайдыгер мамиле, аткаруучулук тартип маселесине көңүл бурулду.

Ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов санариптештирүүнүн максаты элди тейлөөгө ыңгайлуу шарт түзүп берүү экенин белгилөө менен бул маселеде жигердүүлүк менен аракет кылууну улантуу зарылдыгын милдеттендирди.

Жетекчилик тарабынан акимдерге, айыл өкмөт башчыларына жана тиешелүү мекемелердин жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилип, кемчиликтерди жоюу милдеттери коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×