Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 26.12.2019 12:05

Нарында айыл чарба кызматкерлеринин профсоюзунун 100 жылдыгы белгиленди  

100 жылдык маараке
100 жылдык маараке

Turmush -  Нарын облустук профсоюздар кеңешинин жыйындар залында Нарын облустук агроөнөр жай кызматкерлеринин уюшулгандыгынын 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага профсоюз уюмдарынын төрагалары, облустук мекеме уюмдардын жетекчилери, профсоюздун активисттери жана бийлик өкүлдөрү катышты. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, айыл чарба кызматкерлеринин республикалык комитетинин төрагасы Омор Арстанбеков жана район акимдери куттуктоо сөз сүйлөшүп, алдыңкыларга ардак грамоталарды тапшырды. Ошондой эле алдыңкы профсоюз өкүлдөрү юбилейлик төш белгилер менен сыйланышты.

1919-жылы Жер жана токой кызматкерлеринин уезддик профсоюзу түзүлгөн. 1991-жылдан баштап Агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети болуп кайрадан ишин уланткан. Учурда облустук профсоюз комитетинин 3500дөн ашуун мүчөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×