Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Нарын облусу, Нарын 26.12.2019 08:50

Юрист М.Жунусов Нарын шаардык кеңештин депутаты болду

Turmush -  Жунусов Майрамбек Таласбекович Нарын шаардык кеңешинин депутаты болду. Ал 1988-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. 2004-2007-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын укук таануу бөлүмүн бүтүргөн. 2007-2011-жылдары ушул эле академияда окуп, юрист болуп чыккан.

Эмгек жолу:

- 2012-жылы Нарын облустук сотунун коомдук жардамчысы;

- 2012-2013-жылдары Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башкы юристи;

- 2013-2017-жылдары Нарын шаардык мэриясынын башкы юристи;

- 2017-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык бөлүмүнүн башкы юристи болуп иштеген.

Бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×