Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 26.12.2019 08:11

Автобустан башталган махабат: Мас болуп алып, кайненесине дагара көтөрткөн келиндин жоругу

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Нарын шаарынын 56 жаштагы тургуну Советбүбү Болбурова 37 жылдан бери тикмечилик менен алектенип, шаар тургундарынын айрымдарын кийим менен камсыздайт. Аны менен аймактык кабарчы кызыктуу маек курду.

Ал 1963-жылы Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың айылында төрөлүп, ушул айылда чоңойгон.

«Аталган айылда балачагым өтүп, Бердалы Календеров атындагы орто мектебин аяктадым. 1980-жылы Бишкек шаарындагы №8 кесиптик лицейден билим алып, тигүүчүлүк кесиптин ээси болдум. Ал убакта окууну бүткөндөн кийин бизге мамлекет жумуш таап берчү. 1982-жылдан 1992-жылга чейин Нарын шаарындагы тиричилик жактан тейлөө мекемесинде бычмачы жана тикмечи болуп эмгектенип жүрдүм. 2006-жылдан бери шаарыбыздагы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрында тикмечимин. Мындан тышкары сырттан буйрутмаларды алып, шаар тургундарынын табитине жараша кийимдерди тигип, кошумча киреше табуунун үстүндөмүн. Ар бир кол эмгегим өз оюмдан жаралат», - деди ал.

Тикмечиге жолдошу Курманбек Сурантаев автобустан бир көрүп ашык болгон.

«Жолдошум биздин окуу жайга чукул айыл чарба техникумунда билим алчу. Бир күнү биздин жатаканага келип, ошол жерден таанышып калдык. Анын адамгерчилик мүнөзүн жактырып, 1982-жылы турмушка чыккам. Баш кошконубуздан кийин ал мени биринчи жолу автобустан көргөнүн айтып берди. Ошондо узун, кара чачтарыма арбалып, менден көзүн албай автобустан түшкөнчө карап келиптир. Өзү түшчү аялдамадан өтүп, менин кайсы жерде жашарымды билүү үчүн аркамдан жатаканага чейин барыптыр. Андан кийин мени башкалардан сураштырып, сыртымдан көз салып жүрүптүр.

Жаңы келин болуп келгенде кээ бир үй жумуштарын жасоодон кыйналгам. Мисалы, жер төшөктүн ичин сыртынан ажыратып жуубастан, дагарага бир эле салып жуугам. Ошондо апам (кайненеси) "кызым андай жуубайт" деп акырын айтып, бардыгын кылдаттык менен үйрөткөн.

Ал эми кызыктуу окуяларга токтоло кетсем, келин болуп келгениме 3-4 күн болуп калган. Үйдү шыпырып жатканда бизге мейман келип калды. "Мен бирөөнүн үйүн шыпырып жатам" деп ал коноктордон уялып, көшөгөгө кире качтым. Коноктор келген сайын кире качып жүрдүм. Кийин тартынбай көнүп калдым.

Абысыным дүкөндө иштечү. Ал мени "мага келе кет" деп чакырганынан барсам, мага шампань куюп берди. Таттуу болгондуктан сок экен деп иче берип, кызып калдым. Боюмда да бар болчу. Бир маалда турайын десем ордумдан тура албай, башым айланып, жеңем үйгө чейин жеткирди. Апама (кайненеси) "шампандын согун ичсем, башым ооруп жатат" десем, ал күлүп "ал сок эмес, аны ичсең мас болосуң" деди. Аябай уялдым. Ошол күнү көңүлүм айнып, "кусам" деп айта бериптирмин. Кайненем дагараны улам көтөрүп келип, мени караганы эч эсимден кетпейт», - деди ал.

Учурда Советбүбү апанын 5 уулу жана 9 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×