Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 21.01.2020 17:14

Айыл турмушу: Г.Жусупжанова 23 жылдан бери мектепте китепканачы

Гүлдесте Жусупжанова
Гүлдесте Жусупжанова

Turmush -  Нарын шаарынын тургуну Гүлдесте Жусупжанова 23 жылдан бери М.Сыдыков атындагы орто мектебинде китепканачы болуп эмгектенет. Китепканачынын иши менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлдесте Жусупжанова орто мектепти аяктагандан кийин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине барып, педагог-психолог адистигине ээ болгон.

«Окуу жайын аяктагандан кийин өз кесибим менен иштөөгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал кезде мектепте, мекемелерде андай кызмат жок экен. Ошол себептен мектепте китепканада иштеп калдым. Турмушка чыгып, балалуу болдум. Андан кийин ишимди улантып, 1985-жылдан бери китепканада иштеп жатам. Алгач иштеген жылдары бир аз кыйынчылыктарга туш болдум. Окурмандар келбей, кээ бир күндөрү өзүм жалгыз эле отуруп иштеген күндөрүм болду. Шаар ичиндеги китепканаларга барып, кандай иштеп жатканына кызыгып, көрүп жүрдүм. Ал жерге адабий китептерди окуу үчүн барышат экен. Мен дагы аларды туурап, адабий китептеримди алып чыктым. Ошондон кийин окурмандар тез эле топтолуп калды. Менде жок китептерди сурашканда шаардагы китепканаларга барып, өзүмдүн атыма жаздырып алып келип турдум. Менин мындай ишимди жетекчилерим да билген жок. Аларга айтпай эле китеп менен камсыз кылып жүрдүм. Ошентип окурмандарды өзүмө тартып алдым.

Өз кесибимди сүйгөндүктөн убагында келип, китептеримди иретке келтирем. Окурмандарды китеп окууга тартуу үчүн көп китеп, жагымдуу атмосфера керек. Мындан улам өз каражатым менен китепкананы жасалгалап чыктым. Демөөрчүлөр, ар кандай фонддор менен сүйлөшүп, китеп алдырдым. Азыр 22 миңден ашык окуу жана адабий китептер бар», - дейт Гүлдесте Жусупжанова.

Ал мектептин коомдук иштерине да активдүү катышып келет. Даталуу күндөрү окуучулар менен ар кандай темада китеп сүйүүчүлөрдүн конференциясын өткөрүп турат. Китепканачылар арасында уюштурулган сынактарда байгелүү орундарга ээ болуп келүүдө. Жакында эле өткөн китепканачылардын сынагында 2-орунду ээлеп, «Мыкты китепканачы» номинациясындагы сыйлыкка ээ болду. Мындан сырткары бош убактысында спорт менен машыгып, волейбол оюну боюнча ийгиликтерди жаратып келет. Нарын шаарынын курама командасынын мүчөсү. 3 алтын, 2 күмүш, 4 коло медаль тагынган.

«Азыр жаштар көп китеп окубай жатканы өкүндүрөт. Мындан 20 жыл мурун мектептин китепканасына ата-энелер да келип, китеп окучу. Азыр андай көрүнүш жок. Окуучулар таптакыр китеп окубай калышты дегенден алысмын. Арасында китеп окууга кызыгып, сынакка катышкан балдар бар. Мен келечекте окурмандарды китепке кызыктыруу үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүп, ошону менен бирге волейбол боюнча машыгуумду улантып, аялдар арасында спорттун бул түрүнө кызыккандардын командасын уюштурсам деген максатым бар», - деди ал.

Китепканачы үй-бүлөлүү, бир уулду тарбиялап өстүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×