Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 24.12.2019 10:43

Нарын шаарында «BMW» өрттөнүп кетти

Turmush -  Нарын шаарында жеңил унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын И.Төрөбаев көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен 12 чарчы метр гараждын чатыры, «BMW» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Өрт тиричилик шаймандарын колдонуудагы коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×