Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Нарын облусу, Нарын 23.12.2019 16:04

Нарын шаарында 1,5 млн сомго жасалма балаты орнотулууда. Сүрөт

Turmush -  Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында 1,5 млн сомго жасалма балаты орнотулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нарын шаарынын мэринин биринчи орун басары Давид Курманов билдиргендей, быйыл Нарын шаарына жасалма балаты орнотуу чечими чыккан. Жаңы жылдык балатыны орнотуу үчүн «Таза Нарын» ишканасы тарабынан тендер жарыяланып, аны 1,5 млн сомго фирмалардын бири утуп алган. Балатынын туурасы 4,5 метр, узуну 12 метрди түзөт.

Ал эми «Таза Нарын» ишканасынын жетекчиси Алмаз Суранов бүгүнкү күндө балатыны кураштыруу иштери жүрүп жатканын, эртең, 24-декабрда жандырыларын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×