Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 23.12.2019 09:54

Нарын шаарында муундар арасында футбол оюну уюштурулду

Turmush -  Нарын шаарында муундар арасында кичи футбол оюну боюнча мелдеш болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Анда 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогору курактагылар оюнга түшүштү. Жалпы 12 команда ат салышкан беттеш курч мүнөздө өтүп, командалар жакшы даярдыкта келишкенин көрсөтүштү. Байге фонду 100 миң сомду түзгөн.

Оюндун жыйынтыгында 40 жаштан жогорку курактагылар арасында 1-орунду Нарын шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин командасы ээлеп, 20 миң сом, 2-орунду «Чыгыш электр» ишканасынын командасы алып, 15 миң сом, 3-орунду «Алма-Бак» командасы камсыз кылып, 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ал эми 40 жашка чейинки курактагылар арасында Ак-Коргон чөлкөмүнүн командасы 1-орунду камсыз кылып, 20 миң сом, 1-орун «Шаарча» командасына ыйгарылып, 15 миң сом, 3-орунду «Алма-Бак» командасы ээлеп, 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ошондой эле командаларга Нарын шаардык спорт бөлүмүнүн тиешелүү даражадагы дипломдору тапшырылды.

Мелдешке жеке ишкер демөөрчүлүк көрсөткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×