Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 23.12.2019 09:34

Нарындагы балдарга кышкы кийим таратылды

Кайрымдуулук акциясы
Кайрымдуулук акциясы
// Турмуш

Turmush -  Нарын шаарында чет өлкөлүк демөөрчүлөрдүн көмөгү менен кайрымдуулук иш-чара өттү. Бул тууралуу уюштуруучу Алмаз Ишенбеков билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусундагы аз камсыз болгон 514 үй-бүлөнүн балдарына кышкы кийимдер берилди.

«Бул жолу Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунан келген жана Нарын шаарындагы балдарга таратылды. Мындан мурун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акчалай жардам көрсөтүлүп, азык-түлүктөр таратылган», - деди ал.

Облустун аймагында жалгыз бой жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга демөөрчүлөр тарабынан жардам көрсөтүү иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×