Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 21.12.2019 20:50

Нарында энергетиктер сыйланды. Сүрөт

Turmush -  Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Анда кесип ээлерин ыйгарым укуктуу өкүлдүн 1-орун басары Касен Асизов куттуктап, алардын түйшүктүү ишине ийгилик каалады. Ошону менен бирге элибизге жакшы кам көрүп, аз камсыз үй-бүлөлөргө каралашып, кыштан үшүтпөй алып чыгуу милдети тургандыгын белгиледи. Алдыңкы кесип ээлерине облус башчысынын ардак грамотасы, ыраазычылык каты тапшырылды. Ошондой эле айрым кызматкерлерге «Нарын районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×