Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 21.12.2019 23:55

Айыл турмушу: Мугалим Б.Өмүрзакова эс алууга чыккандан кийин кесибин ашпозчулукка алмаштырган

Бейшегүл Өмүрзакова
Бейшегүл Өмүрзакова
// Турмуш

Turmush -  Нарын шаарынын тургуну Бейшегүл Өмүрзакова 47 жыл мугалим болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккандан кийин кесибин ашпозчулукка алмаштырып, мектепте ашпозчу болуп иштеп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бейшегүл Өмүрзакова 1953-жылы мурдагы Тянь-Шань районуна караштуу Калинин айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Нарын педагогикалык окуу жайынан билим алып, спорт мектебинде эмгек жолун баштаган. Андан соң мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп, жогорку билимге ээ болгон.

Ал өмүрүнүн 47 жылын балдарга билим берүүгө арнаган. Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу жана В.Чкалов атындагы орто мектептеринде үзүрлүү эмгектенип, балдарга кыргыз тили жана кыргыз адабиятынан сабак берип, бир топ ийгиликтерге жетишкен. Анын айрым окуучулары азыр өзү менен үзөңгүлөш болуп, мектепте иштешет. «Эжейдин ар бир өткөн сабагы биз үчүн өзүнчө керемет, укмуш сабак эле. Айрыкча адабият сабагында чыгармалардагы каармандардын образын кудум өзүндөй сүрөттөп айтып берчү эле деп» сыймыктануу менен айтып калышат.

Анын окуучулары шаардык предметтик олимпиадаларда жыл сайын алдыңкы орундарга ээ болушуп, облустук жана республикалык олимпиадаларда бир нече жолу жеңүүчү болушкан. Ал сабак өтүү менен гана чектелбестен ар кандай иш-чараларга да дыкат даярдык көрүп, аны жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет кылчу. Өзүнүн билимин жогорулатуу максатында Бишкек шаарына курстарга барып, алган билимин кесиптештерине үйрөтүп келген.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, Нарын шаардык мэрия, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталарына татыктуу болгон. «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган. Кийин ардактуу эс алууга чыккандан кийин да мектепте бир аз жыл иштеп, ашпозчулук ишке которулган.

«Ардактуу эс алууга чыккандан кийин бир аз иштеп, үйдө отуруп калдым. Ошону менен өз кесибимди уланта албай калдым. Бирок балдар менен жакын болгондуктанбы, айтор мектептен алыс кете албадым. Ишимди мектептин ашканасында улантып, иштеп келе жатам. Азыр өзүм менен 6 кызматкер иштейбиз», - деди ал.

Учурда аталган мектепте 9000 бала тамак ичет.

«Балдарга 5 күн ар кандай тамактарды даярдап беребиз. “Тамагыңыз таттуу болуптур” дешет. Андай сөз укканда ого бетер жумушка шыктанат экенсиң», - деди ал.

Бейшегүл Өмүрзакова үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 эркек баласы, 8 небереси жана бир чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×