Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 20.12.2019 16:47

Нарында 700дөй жолбун ит-мышык атылды. Сүрөт

Turmush -  Нарын шаарында 700дөй жолбун ит жана мышыктар атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Адилет Черикчиев билдирди.

Ушул жылдын 14-ноябрында Нарын шаарынын мэриясынын буйругунун жана «Таза Нарын» муниципалдык ишканасынын кайрылуусунун негизинде жолбун ит-мышыктар атыла баштаган.

«Биздин коомдун мергенчилери тарабынан ошол күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин Нарын шаарынын аймагында 700дөй жолбун ит-мышыктар атылып, алар атайын казылган чуңкурда жок кылынды. Алардын сегизи чөө болгон. Нарын шаарынын тургундарынан карып калган иттерин көчөгө бошотпостон биздин коомго кайрылып, аларды аттырууну суранып кетебиз. Учурда Нарын шаарынын тоолорунда жапайы болуп калган иттер калды. Алар шаарга да, айылдарга да түшпөйт. Түшсө дагы кайра тоого чыгып кетишет. Нарын шаарынын ичинде эле эмес, тоолордо жашап калган жолбун иттерди атып жатабыз», - деди А.Черикчиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×