Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 20.12.2019 09:24

Нарында биринчи жолу аялдардын спорттук фестивалы уюштурулду

Спорттук фестиваль
Спорттук фестиваль
// Турмуш

Turmush -  Нарын шаарында аялдардын спорттук фестивалы өтүп, ага Нарын шаарынан жана Ат-Башы районунан келишкен 100гө чукул аялдар катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулар билдирди.

«Бул фестиваль бекеринен Аялдардын спорттук фестивалы деп аталган эмес. Анткени Кыргызстанда кыз-келиндердин спорт менен машыгуусу боюнча ар кандай сөздөр айтылып келет. Көбүнчө «бул кыз балага жарашпайт» деген сөз айтылат. Өзгөчө айылдагы кыздардын шык-жөндөмү машыктыруучунун жоктугунан же жакындарынын тыюусунан улам ачылбай кала берет. Бул фестивалдын максаты — спорт менен машыгууга ар бир кыздын укугу бар экенин түшүндүрүү. Кыздар эркектер сыяктуу эле өзү каалаган спорт менен машыгып, дүйнө жана Азия чемпионаттарында эркектер багындыра элек бийиктикке жетүүдө. Спорт кыздарды чемпион болууга гана үйрөтпөстөн, дени сак болууга, өзүн коргоого үйрөтөт», - деди футбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын дарыгери Жаркын Тазабекова.

Фестивалда айыл жергесиндеги аялдарды спортко тартып, сергек жашоого үндөө менен спорттун түрлөрү боюнча мастер-класстарды көрсөтүштү. Ошондой эле аялдардын спорттогу ийгиликтери туурасында айтып беришти. Фестиваль Нарын жергесинде Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен алгачкы жолу уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×