Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 08.10.2019 12:47

Нарын шаарында унаага 5 тонна алтын тамыр жүктөгөн тургундар кармалды  

Turmush -  Нарын шаарында унаага 5 тоннадан ашык алтын тамыр жүктөп бараткан жарандар кармалышты. Бул маалыматты аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 30-сентябрь күнү таңкы саат 05:00 чамасында Нарын шаарынын 1967-жылы туулган тургуну К.Т.нын «Фольсваген» жана ушул эле Нарын шаарынын 1988-жылы туулган тургуну К.У.нын «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааларын текшерген учурда 5089 килограмм салмактагы алтын тамыр табылган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 293-беренеси боюнча (өсүмдүктөрдү жок кылуу) сотко чейинки өндүрүштөгү жазык иши башталган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында ботаникалык экспертиза дайындалып, натыйжада аталган өсүмдүк алтын тамыр экендиги, бирок Кыргыз Республикасында Кызыл китепке киргизилбегени айтылган.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Алтын тамыр бийик тоолуу аймактарда өсүп, чачылап сабак алат. Августтун аяк ченинде бышып калат. Тамыры күрөң түстө жана жыттуу. Аны дарылык касиетте колдонушат.

Тема боюнча: Нарын районунда дүйнөдөгү эң баалуу алтын тамырды казышкан

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×