Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 07.10.2019 10:42

Нарын облустук аялдар кеңеши түзүлдү

Turmush -  Нарын шаарында Нарын облустук аялдар кеңеши түзүлүп, иш-чарага райондордон 170 аял келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Кеңешти түзүүнүн максаты — облустун социалдык-экономикасына, маданиятына салым кошуу жана коомдогу аялдардын укугун коргоо, алардын башын бириктирүү.

«Бүгүнкү иш-чарага бардыгы 170 аял келди. Негизинен аялдар билим берүү, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө көп иштейт эмеспи. Ошол тармакта иштегендердин кесиптик майрамдарына карата уюштурдук.

Азыр теңчилик деп коюп, кордук көрүп, укугу корголбой жана өнүкпөй калган аялдар көп. Ошондой жат көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн аялдардын башын бириктирүүдөбүз. Азыр ачылышын гана жасадык. Эми жакында жакшы иштер башталат», - деди Нарын облустук аялдар кеңешинин төрайымы Роза Өмүрова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×