Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 07.10.2019 10:19

Нарында байгесине 100 000 сом коюлган волейболдун жеңүүчүлөрү сыйланды

Turmush -  Нарын шаарында Мугалимдердин кесиптик күнүнө карата кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага Нарын районунун жана Нарын шаарынын мектептеринде иштеген мугалимдерден куралган 12 команда катышты. Алар 4 тайпага бөлүнүшүп, өз ара беттеш өткөрүштү. Тайпалардын жеңүүчүлөрү жарым финалдык жана финалдык оюнда мыкты оюн көрсөтүшүп, күйөрмандарга кызыктуу оюн тартуулашты. Финалдык оюнда Нарын медколледжи менен Нарын медресенин ортосунда өтүп, медколледжинин командасы артыкчылык көрсөтүп, атаандашын жеңилүүгө аргасыз кылды. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орун үчүн Нарын шаарынын жана Нарын районунун командалары беттешип, Нарын районунун командасы жеңишти камсыз кылышты.

Жыйынтыгында мелдештин жеңүүчүсү болгон Нарын медколледжинин командасына кубок, медаль, акчалай сыйлык тапшырылды. Экинчи орунду Нарын медресесинин, үчүнчү орунду Нарын районунун командалары ээлешип тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Мындан тышкары демөөрчү тарабынан ар бир командага футболка, гүл жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми мелдеште Жусупжанова Толгонай, Качкын кызы Анара, Ходжанова Гүлмира мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн атайын баалуу белек жана диплом менен сыйланды.

Мелдештин баш байгеси 100 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×