Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 05.10.2019 15:35

Нарында кошуна балдар ата-энелерин бир күн дүрбөтүштү

Turmush -  Нарын районунун Жан-Булак айылында дайынсыз жоголгон эки өспүрүм бала Нарын шаарынан табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 4-октябрда саат 18:50 чамасында нөөмөт бөлүмүнө Нарын районунун Жан-Булак айылынын 1980-жылы туулган тургуну А.Н. телефон чалып, 2009-жылы туулган М.Б. аттуу уулу жана кошунасынын уулу — 6-класстын окуучусу М.Б. аталган күнү саат 09:00 чамасында эч кимге айтпай үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Бул факты боюнча Нарын РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада өспүрүмдөр бүгүн, 5-октябрда таңкы саат 08:00 чамасында Нарын шаарынын Интернат аймагынан табылып, ата-энесине тапшырылып берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×