Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 04.10.2019 12:48 На русском

«Денеси ылай болуп...»: Нарын шаарында топурак басып калган жумушчунун абалы кандай?

Turmush -  Нарын шаарында топурак алдында калган 29 жаштагы жумушчунун абалы туруктуу. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кубан Борсокеев билдирди.

Анын айтымында, аталган жигит кырсыктан катуу коркуп, стресс алган.

«3-октябрда «Нарын суу канал» ишканасынын сантехниги биздин бөлүмгө келип түшкөн. Бейтаптын абалы туруктуу. Сынык-жаракат алган эмес. Бирок денеси ооруп калган. Азыр «ийиним, белим ооруп жатат» деп айтууда. Денеси ылай болуп келгендиктен жуунтуп жаткырдык. Азыр улам-улам карап жатабыз. Невролог-дарыгерин дагы чакыртып көрсөттүк. Мындай кырсыктап келгендерди амбулатордук кароодон өткөрүп, үйүнө эле чыгарчубуз. Ал эми бул бейтаптын абалын эске алып, 2 күнгө чейин ден соолугун карамай болдук», - деди ал.

Кечээ, 3-октябрда болжол менен саат 16:00 чамасында «Нарын суу канал» ишканасынын жумушчулары Нарын шаарынын Райымбеков көчөсүндөгү жер алдындагы суу түтүгүн оңдоп жатышкан. Ошол маалда эки жумушчуну таш аралашкан топурак басып калган. Алардын бири кесиптештери тарабынан чыгарылып, тез жардам унаасы менен ооруканага алып кетишкен.

Ал эми экинчисин чыгара албагандыктан куткаруучуларды чакырышкан. Алар топурактын алдынан жумушчунун жансыз денесин алып чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×