Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 03.10.2019 17:29 На русском

Нарын шаарында жумушчу топурак алдында калып каза болду. Сүрөт

Turmush -  «Нарын суу канал» ишканасынын жумушчусу иш учурунда топурак басып калып көз жумду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 3-октябрда болжол менен саат 16:00 чамасында аталган ишкананын жумушчулары Нарын шаарынын Райымбеков көчөсүндөгү жер алдындагы суу түтүгүн оңдоп жатышкан. Ошол маалда эки кызматкерди таш аралашкан топурак басып калган. Алардын бири кесиптештери тарабынан чыгарылып, тез жардам унаасы менен ооруканага алып кетишти.

Ал эми экинчисин чыгара албагандыктан куткаруучуларды чакырышкан. Алар топурактын алдынан жумушчунун жансыз денесин алып чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×