Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 03.10.2019 20:03

Нарында окуучулар мугалимдерин 7 тилде куттукташты

Turmush -  Бүгүн, 3-октябрда Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалуу драма театрында мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанаттуу жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага облус аймагынан чакырылган алты жүзгө жакын мугалимдер катышты. Жыйында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалап, билим берүү тармагындагы 54 кызматкерге өкүлчүлүктүн ардак грамотасын тапшырды. Өкүлдүн орун басары Жаркын Ибраева, облустук усулдук билим берүү борборунун директору Казымбек Мамытов куттуктоо сөздөрүн жолдошуп, Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин жана министрликтин ардак грамотасын тапшырды.

Майрамдык салтанат окуучулардын чакан программадагы концерти менен коштолуп, мугалимдерин 7 тилде куттукташты.

Учурда облуста 141 мектеп бар. Анда 5 миңден ашык мугалим эмгектенип, 58 миңден ашык окуучуга билим, тарбия берет. Өткөн окуу жылында 20 855 окуучу жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп, 200 окуучу 200дөн, 1755 окуучу 110дон жогору упай топтошкон. 6 окуучу республикалык предметтик олимпиадада байгелүү орунга ээ болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×