Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 03.10.2019 12:08 На русском

Нарын облусундагы кылым карыткан 14 карыя. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун район жана айылдарында Карылар күнү салтанаттуу белгиленип, аларга акчалай сыйлыктар, баалуу белектер берилүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, облуста 100 жаштан 110 жашка чейинки куракта 14 карыя жашап жатат. Аларды өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов куттуктап, акчалай сыйлык жана баалуу белектерди тапшырды. Ошондой эле, карыларга көңүл бөлүү бир айлыгын жарыялады.

Учурда облус аймагында 70 жаштан жогорку курактагы 9053 карыя бар.

Ак-Талаа району боюнча:

- 70 жаштан 80 жашка чейинки 546 адам;
- 80 жаштан 90 жашка чейинки 260 адам;
- 90 жаштан 100 жашка чейинки 24 адам
- 100 жаштан жогору курактагы 1 адам жашайт.

Ак-Талаа районунун эң кары адамы — Зулайка Шайылдаева. Ал Ак-Тал айылынын тургуну, 1916-жылы туулган.

Ат-Башы району боюнча:

- 70 жаштан 80 жашка чейинки 1084 адам;
- 80 жаштан 90 жашка чейинки 601 адам;
- 90 жаштан 100 жашка чейинки 78 адам;
- 100 жаштан жогору курактагы 1 адам жашайт.

Ат-Башы районунун эң кары адамы — Расия Черикбаева. Ал Ак-Жар айылынын тургуну, 1903-жылы туулган.

Жумгал району боюнча:

- 70 жаштан 80 жашка чейинки 863 адам;
- 80 жаштан 90 жашка чейинки 526 адам;
- 90 жаштан 100 жашка чейинки 53 адам;
- 100 жаштан жогору курактагы 1 адам жашайт.

Жумгал районунун эң кары адамы — Бурулбүбү Норузбаева. Ал Куйручук айылынын тургуну, 1916-жылы туулган.

Кочкор району боюнча:

- 70 жаштан 80 жашка чейинки 1535 адам;
- 80 жаштан 90 жашка чейинки 562 адам;
- 90 жаштан 100 жашка чейинки 53 адам
- 100 жаштан жогору курактагы 4 адам жашайт.

Калбүбү Келдибекова 1914-жылы Туз айылында туулган. Шамшин Шалпыкова 1916-жылы Эпкин айылында туулган. Алтын Жаманакова 1918-жылы Кара-Суу айылында туулган. Сонунбүбү Жээнбаева 1919-жылы Кочкор айылында туулган.

Нарын району боюнча:

- 70 жаштан 80 жашка чейинки 899 адам;
- 80 жаштан 90 жашка чейинки 607 адам;
- 90 жаштан 100 жашка чейинки 74 адам;
- 100 жаштан жогору курактагы 5 адам жашайт.

Айнек Татанаева 1918-жылы Жан-Булак айылы туулган. Зейне Рыскулова 1913-жылы Чет-Нура айылында туулган. Мистекан Абдрахманова 1919-жылы Куйбышев айылында туулган. Осмон Рыспаев 1919-жылы Учкун айылында туулган. Нурбүбү Макулуева 1909-жылы Жерге-Тал айылында туулган.

Нарын шаары боюнча:

- 70 жаштан 80 жашка чейинки 900 адам;
- 80 жаштан 90 жашка чейинки 315 адам;
- 90 жаштан 100 жашка чейинки 33 адам;
- 100 жаштан жогору курактагы 2 адам жашайт.

Жамила Осмоналиева 1918-жылы туулган. Салыйка Кулжыгачова 1919-жылы туулган.

Бул майрам үчүн өкүлчүлүктүн резервдик фондунан 40 миң сом бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×