Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 02.10.2019 10:52

Нарын шаарындагы карыяларга майрамдык белек тапшырылды

Turmush -  Нарын шаарынын бийлик өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тукеш Токтомушевди жана 100 жаштан ашкан Жамийла Осмоналиеваны Карылар күнү менен куттуктап, ал-абалын сурады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоосун кубануу менен кабыл алган карыялар аларды ак батасын берип узатышты. Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 61 миң сом бөлүнүп, 80 жаштан өткөн 137 карыяга майрамдык белек тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×