Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 01.10.2019 16:51 На русском

Айыл турмушу: Студент Н.Темирбекованы ойлондурган көйгөйлөр

Turmush -  21 жаштагы студент Нурайым Темирбекова тарых факультетинин 3-курсунун студенти, тайпанын старостасы.

Ал 1999-жылы Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында туулган. 2018-жылы Нарын шаарындагы Нарын мамлекеттик университетине тапшырган.

«Чынында азыркы окуп жаткан жеримдеги мугалимдеримди аябай жакшы көрөм. Сабакты кызыктырып, студенттерди өзүнө тартып, жакшы окутушат. Айнагүл Бектемирова, Сыдык Иманалиев, Гүлжамал Эсеналиева аттуу мугалимдердин сабагынан көп энергия менен чыгам. Билим берүүсү купулума толот десем болот. Ал эми шарт жагын айтсам, экономикалык-педагогикалык факультетинин ичинде даараткана, суу жок. Ушул маселелерди тайпалаштар отуруп алып кеп кылабыз. Ошондой эле кыштын күнү алдыңкы кабат суук болот. Биз былтыр тайпабыз менен жакшы эле демилге көтөрүп, ушул көйгөйлөрдү жазалы дедик. Бирок жакшы чогула албай койдук. Кабинеттер да жетишпейт. Эң жөнөкөй эле стулдар жетишпейт, сабакта стул талашып калабыз. Бул нормалдуу көрүнүш эмес. Анткени, канча студент болсо ошончо адамга шарт түзүлүп берилиши керек деген ойдомун. Шарты жок жерде окуу келечекке болгон көз карашты таптакыр өзгөртөт болушу керек. Кээ бирлер “жакшы шартта окуп, эч нерсе билбегендер бар эмеспи” деп айтышы мүмкүн. Бирок жогорудагылар алдыга умтулган студенттерди ирээнжитип коет деген ойдомун», - деди ал.

Үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу, чоң-ата, чоң-апасынын колунда чоңойгон.

«2020-2021-жылдары окуумду бүтөм. Кичинекей кезимдеги кыялым — бул мугалим болуу эле. Азыр ошол кыялымды акырындык менен орундатып жатам десем болот. Балдар менен иштешүүнү жакшы көрөм. Мектепте окуп жүргөндө Жаркын Акматалиева, Жумакан Байгазиева аттуу эжелердин сабактарын аябай кызыгуу менен окуп, 5-класстан баштап жазган эреже дептеримди азыркыга чейин сактап жүрөм. 7-класстан баштап география сабагы кирди, андан Тынчтык Дүйшөков окутчу. Азыркыга чейин Тынчтык агайдын сабактарынын баары эсимде.

Тайпалаштарыбыз болуп сүйлөшүп отуруп калганда “Кыргызстан карызынан кутулушу үчүн бир жыл айлык албай иштегиле десе, мен макул болмокмун” деп тамашалап калам», - деди студент.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×