Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 01.10.2019 10:16

Эл аралык аэропорт, беш жылдыздуу мейманкана... Нарынга Кытай делегациясы келди

Turmush -  Ат-Башы районунда өнөр жай, соода-логистикалык борборун куруу иштери чукул арада баштала турганы 30-сентябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Кытай Эл Республикасынан келген делегация менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Эки тараптуу жолугушууга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Адылбек уулу Шумкарбек, облус башчысы Эмилбек Алымкулов, «Кыргыз-Кытай эркин экономикалык соода аймагы» жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Эмилбек Абдыкадыров, уюштуруучусу Лю Ин, «Нурстрой монтаж» курулуш ишканасынын башчысы Азис Садырбеков, «AVID» Сингапур архитектура жана дизайн институтунун конструктору Ли Лечао, «Син Хон Юань» курулуш ишканасынын жетекчиси Ли Жулинь жана башка тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышты.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин облус жетекчилиги делегация мүчөлөрү менен Ат-Башы районуна барып, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана айылдык кеңештин төрагалары менен жолугушту.

Жолугушууда вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: «Мындай ири өнөр жай, соода-логистикалык борборду куруу бир нече жылдардан бери пландалып келсе, быйылкы жылы анын алгачкы иштери башталып отурат. Бүгүнкү күндө "Нарын" эркин экономикалык аймагы менен "Кыргыз-Кытай эркин экономикалык соода аймагы" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда Ат-Башы районуна өнөр жай, соода-логистикалык борборун куруу боюнча эки тараптуу келишимдин негизинде иш алып барылууда. Долбоорду ишке ашыруу үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актылары кабыл алынып аткарылды. Бул борбор ишке ашса 12-13 миңдей жумуш орду түзүлөт. Биздин башкы максат — өзүбүздөн чыккан продукцияны дүйнөлүк брендге чыгаруу», - деди.

Борбордун жалпы сметалык баасы 280 млн долларды түзөт. Аталган борборду куруу менен Нарын облусунун кыргыз-кытай чек арасы аркылуу экспорттук багытты өнүктүрүү, ар тараптуу системалык экономиканы жана инвестициялык жагымдуулукту камсыз кылуу, калктын жашоо деңгээлин жогору көтөрүү менен региондун экологиялык туруктуулугу сакталат.

Өнөр жай, соода-логистикалык борборунун негизги максаттары:

- Eвропа менен Азияны бириктирген эл аралык коридор боюнча жүк ташуу системасын камсыз кылуу үчүн транспорттук жана логистикалык багыттарды иштеп чыгуу;

- Торугарт чек ара аймагынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, анын ичинен бажы жана чек ара мүмкүнчүлүктөрү;

- Өнөр жай, кайра иштетүү жана айыл чарба азык-түлүк секторунда айыл чарба жана өнөр жай азыктарын экспорттоону өнүктүрүү;

- Туризм тармагын өнүктүрүү;

- Бюджетке түшчү салыктын көлөмүн жогорулатуу менен регионду толугу менен дотациядан чыгаруу;

- Квалификациялуу кадрларды даярдоо менен жаңы жумуш орундарын 18 миңге чейин түзүү;

- Инфратүзүмдөрүн куруу, анын ичинен эл аралык аэропорт, беш жылдыздуу мейманканалар, жогорку сапаттагы автомобилдик жолдор, социалдык объектилерди куруу;

- Жаңы технологияларды киргизүү.

Ал эми облус башчысы Эмилбек Алымкулов борбор боюнча тиешелүү бардык жумуштарды колдогонго жергиликтүү бийлик даяр экенин билдирди.

Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин Нарын эркин экономикалык аймагынын башчысы Гүлзат Абдырасулова өнөр жай, соода-логистикалык борборунун курулушу тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө баяндама жасады.

«Курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 миллион сом, жергиликтүү бюджетке 1 млн 782 миң сом түшөт. Эгер соода логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат. Иш орундар түзүлүп, билимдүү кадрлар даярдалат. Эл аралык деңгээлдеги аэропорт, беш жылдыздуу мейманканалар курулат. Инфраструктура жакшырып, экономикалык өсүштөргө жол ача турган бир катар мыкты иштер жасалат», - деди ал.

Жыйындын калган бөлүгү суроо-жооп, сунуш иретинде өттү. Анда кадрларды даярдоо курстарын ачуу, жарандарды ишке алууда аймактардын тең салмактуулугун сактоо, өнүктүрүү фонддорун түзүү өңдүү бир катар сунуш-пикирлер айтылды. Бул сунуштар учурунда эске алына тургандыгын бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×