Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 01.10.2019 09:41

Нарын шаарына Германиянын Кыргызстандагы элчиси келди. Сүрөт

Turmush -  Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов жана биринчи орун басары Касен Асизов Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен менен жолукту.

Жолугушууда Моника Иверсен Нарын облусуна экинчи ирет келип жатканын айтып, биринчи сапарында облустун мурунку башчысы Аманбай Кайыпов менен жолукканын эскерди. Бул сапары жаңы жетекчи менен жолугуудан башталганын, таанышуу максатында келгенин кошумчалады. Муну менен катар облуста элчилик тарабынан буга чейин жасалган иштерге токтолуп, мындан ары да чогуу иштешүүгө дилгир экенин билдирди.

Облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов жыл ичинде Нарын шаарында сүт заводу ачылып, ишке берилгенин билдирди. Кийинки жасалуучу иштери жана пландары менен бөлүштү. Алардын катарындагы облуста этти кайра иштетүүчү ишкана куруу, Ат-Башы балын дүйнөлүк брендге айлантуу, билим берүү тармагында тил үйрөнүүчү көптөгөн борборлорду ачуу, туристтерди кызыктырууу, инвесторлор менен эл аралык форумдарды жыл сайын өткөрүү сыяктуу иштерге токтолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×