Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 30.09.2019 10:27

Нарын шаарында Донорлордун улуттук күнү белгиленди

Turmush -  Нарын шаарында Донорлордун улуттук күнү белгиленип, уюштуруучулар тарабынан акция өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага 100гө чукул жарандар катышты. Акциянын катышуучуларына ыктыярчылар тарабынан кан тапшыруунун мааниси жөнүндө маалымат берилди. Акциянын жүрүшүндө 30 адам өз каалоосу менен кан тапшырды. Аларга чай менен кошо таттуу белектер берилди. Ошондой эле ардактуу донорлорго атайын белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×