Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 28.09.2019 14:39 На русском

Депутаттар менен өкмөт өкүлдөрүнүн сапары: Нарындагы жыйында эл залдан чыгып кетти. Сүрөт

Turmush -  Кечээ, 27-сентябрь күнү Нарын шаарында Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөттүн өкүлдөрү эл менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков жана Алтынбек Жунус уулу, өкмөттүн 8 өкүлү катышып, тургундардын суроолоруна жооп беришкен. Жолугушууга Ат-Башы, Нарын райондорунун тургундары дагы келишкен. Бирок алар иш-чаранын ортосунда залдан чыгып кетишти. Себеби аларга Нарын шаарынын айрым тургундары сөз бербей, микрофон талашып калышкан.

«Биз атайын көйгөйлөрүбүздү айтуу үчүн келгенбиз. Мени менен кошо дагы 2 адам келген. Ар кимибиз айылдагы көйгөйлөрдү айталы дегенбиз. Бирок бизге микрофон тийген жок. Айрым адамдар микрофондун жанынан жылбай, көпкө чейин сүйлөп туруп алышты. Биз эле эмес башкалар деле нааразы болушту. Айылыбызда таза суу, жер маселеси бар эле.

Депутаттар шаарга, анан айрым айылдарга эле келет. Биздин айылга барышса, минтип убара болуп келбейт элем. Аягында депутаттарга жолугалы деп эшикте күтүп отурдук», - деди нааразы болгон аксакал.

Жолугушууга Нарын шаарындагы университетти 2 жыл мурун бүтүргөн шаар тургуну дагы университеттеги баш аламандык, коррупция жана шаардагы жумушсуздук көйгөйүн айтууга келген.

«Мен жолугушуу тууралуу социалдык тармактардан окугам. Жалаң эле депутаттар эмес, министрликтерден дагы келишет дегенинен сүйүнгөм. Жолугушууга министрлердин орун басарлары да чакырылыптыр. Эркин микрофон берилгенде дайыма сүйлөп жүргөн агай-эжейлер убакытты созуп туруп алышты. Жаштардын үнү качан угулат билбейм.

Университетти бүтүргөнүмө 2 жыл болду. Окуп жатканда көйгөйлөрдү кантип айтабыз? Эптеп бүтүп кеткенибизге сүйүндүк. Курстук, дипломдук иштерди жазууда көп эле көйгөйлөр бар. Аларды өз күчүбүз менен жазып барсак, мугалимдер кемчилик таап төмөн баа коюшчу. Сабакка катышпагандар сынак учурунда биздин тайпалаш болуп чыга келишет. Окууну бүтүп, жумушка орношойун десең кайра эмгек тажрыйбаңды сурашат. Өзүбүз жаңы эле университетти бүтүрсөк кайдагы тажрыйба?», - деди атын атагысы келбеген шаар тургуну.

Жолугушууга саламаттыкты сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев, социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Асанов, эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Моңолбек Токтосартов, Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү, Мамэкотехинспекциянын жетекчисинин орун басары, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Айдай Карагулова, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын жетекчисинин орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу катышкан.

Жолугушууда шаар тургундары облустун борбору болгон Нарын шаарында 1991-жылдан бери бир дагы жаңы бала бакча, мектеп курула электигин баса белгилешти.

Жолугушууда айтылган көйгөйлөр:

- Нарын облусунун климатын эске алып, электр энергиясынын баасын арзандатуу;

- Жеке ишкерлердин патентине, Соцфондго жана салык үчүн алынчу төлөмдөрдүн наркын азайтуу;

- Мугалимдердин эмгек акысы;

- Нарын дарыясына Кумтөр алтын кенинен уулуу заттар куюлуп жатканы үчүн компенсация төлөтүү;

- Турак жайды камсыздандыруу маселеси;

- Райондордогу жайыт маселеси;

- 18 жаштан ашкан майып балдардын жөлөк пулу;

- Студенттерди жумуш менен камсыздоо;

- Көмүрдүн кымбат сатылышы;

- Ардагер чек арачылар жөнүндө кабыл алынган жаңы мыйзамды кайра кароо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×