Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 27.09.2019 14:21 На русском

Нарын шаарынын мэрлигине талапкерлер аныкталды. Алар кимдер?

Turmush -  Нарын шаарынын башчылына 3 талапкер катталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мэрди шайлоо күнү 1-октябрга белгиленген. Учурда 3 талапкер катталган.

Алар:

- Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасынын башчысы Чымылдаков Эмилбек Назарбекович («Ала-Тоо ынтымагы» саясий партиясы);

- Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Молдокадыров Нурбек Асыранкулович;

- Нарын шаардык кеңешинин депутаты Стал Муканбетов (КСДП).

Шайлоо шаардык кеңештин депутаттары тарабынан 1-октябрда жашыруун добуш берүү аркылуу жүргүзүлөт.

Нарын шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Алымкулов өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Учурда мэрдин милдетин убактылуу биринчи вице-мэр Давид Курманов аткарууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×