Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 26.09.2019 14:00

Нарын шаарындагы китепканада адабий кече өттү

Turmush -  Нарын шаарындагы Ж.Коңурбаева атындагы борборлоштурулган китепканада «Тилибиз биздин дилибиз» аталышындагы адабий кече өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечеде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата маалыматтар берилип, кыргыз тили тууралуу ырлар көркөм окулуп, обондуу ырлар аткарылып, бийлер бийленип, мектеп окуучулары жана китепкана кызматкерлери тарабынан эне тилдин улуулугу даңазаланды. Ошондой эле мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү менен тааныштырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×