Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 26.09.2019 09:22

Улуттук көчмөндөр оюндары: Нарын «Улуттук саркеч кийимдер» сынагында 2-орунду камсыз кылды

Turmush -  Нарын шаарынын командасы Улуттук көчмөндөр оюндарынын «Көчмөндөр кайрыктары» маданий иш-чарасынан байгелүү келишти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аталган иш-чарага Нарын шаарынын командасы жигердүү катышып, «Улуттук саркеч кийимдер» кароо-сынагында 2-орунду камсыз кылды. Сынакта 7 жаштан 70 жашка чейинки курактагы адамдар үчүн ылайыкталып табигый, нукура кездемелерден тигилген улуттук саркеч кийимдер элге жогорку чеберчилик менен көрсөтүлдү.

Улуттук кийимдердин катарын суусар, кундуз, үкү тебетейлер, калпактын түрлөрү, элечек, шөкүлө, кеп такыя, бөртмө жана жүн жоолуктар, илбирс, карышкыр, түлкү, көрпө ичиктер, ак тон, кементай, төө, бархыт, тукаба чепкендер, кийизден жасалган бешмант, шым, чокой, маасы жана башкалар түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×