Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 25.09.2019 17:21

Нарын шаарында таштанды түйүндөрүнүн айланасы тосулууда

Turmush -  Нарын шаарында таштанды таштоочу урналардын айланасы тосулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриядан билдиришти.

Бүгүнкү күндө Нарын шаарындагы таштанды төгүлүүчү жайларда тазалыкты камсыздоо жана шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу максатында таштанды түйүндөрүнүн айланасын темир тосмолор менен тосуу жумуштары жүрүүдө.

Жергиликтүү бюджеттен 445 миң сом бөлүнүп берилип, бул каражатка борбордук көчөдөгү 22 таштанды түйүнү темир тосмолор менен тосулмакчы. Ошондой эле бөлүнгөн каражатка керектүү курулуш материалдары гана алынып, калган бардык жумуштар «Таза Нарын» ишканасынын алдындагы ширетүү цехинин жумушчулары тарабынан жасалууда. Кечээтен баштап тосмолор тиешелүү жерлерге коюла баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×