Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 25.09.2019 10:32

Нарын шаарында таяк тартыш боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү сыйланды

Turmush -  Нарын шаарында кыз-келиндер арасында таяк тартыш боюнча шаардын кубогу үчүн турнир болуп өттү. Бул тууралуу Нарын шаардык спорт бөлүмүнүн башчысы Рысбек Касмалиев билдирди.

Турнирге мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлер катышты. Мелдештин максаты — таяк тартыш оюнун калк арасына жайылтуу менен алардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат. Кыз-келиндер жаштар жана улуу муун болуп эки топко бөлүнүп мелдешке түшүштү. Жеңүүчүлөргө Нарын шаардык спорт бөлүмүнүн тиешелүү даражадагы диплом жана медалдары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×