Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 23.09.2019 13:07

Нарын шаарында тазалык акциясы уюштурулду

Turmush -  Нарын шаарында Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата экологиялык акция өткөрүлүп, анын алкагында шаардын ичи, чыга беришиндеги аймактары, суулардын жээктери, коомдук жайлар таштандылардан арылтылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага облустук, шаардык, райондук мекеме-ишканалардын кызматкерлери активдүү катышышты. «Каратал-Жапырык» мамлекеттик коругунун кызматкерлери «Ак-Бечел» суу тазалоочу жайынын айланасын, Нарын мамлекеттик университетинин кызматкерлери жана студенттери Жаңы-Жол аймагынан Кара-Бүк аймагына чейин, айдоочулардын күбөлүктөрүн, унаа каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча шаардык бөлүмдүн кызматкерлери РТС тараптагы Нарын суусунун жээгин, банк кызматкерлери шаардын Москва аймагын тазалашты.

Коомдук фонддун өкүлдөрү коомчулук менен жолугуп, кол каптарды, таштанды баштыктарын таратып берди. Бул каражаттар үчүн 48 миң сом жумшалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×