Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 23.09.2019 12:41

Нарында милиция кызматкерлери Мамлекеттик тил күнүн белгилешти

Turmush -  Нарында Мамлекеттик тил күнү белгиленип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Нарын ОИИБдин жыйындар залында салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Алгач Нарын ОИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги Уланбек Аалиев сөз сүйлөп, иш-чараны ачып берди.

«Эне тилибиз болгон кыргыз тили бай, көрөңгөлүү, кунарлуу тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечен бөгөттөргө карабай, келечекти көздөй сөз кербенинен өзүнө татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө мамлекеттик тилге айланды. Эне тилибиздин мамлекеттик тил болушу Жараткандын кыргыз элине берген зор белеги болду. Канчалаган элдер өз тилине, гимнине, гербине, туусуна жетпей келет. Ошол үчүн биз кыргыз болгонубузга сыймыктанып, тилибиз, динибиз, үрп-адатыбыз, каада-салтыбыз, кийген кийимибиз, керек болсо жеген тамагыбыз да нукура кыргызча экенине мактануу менен айтышыбыз керек», - деп белгиледи У.Аалиев.

Ошондой эле Нарын ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Ж.Тентимишов Мамлекеттик тил күнүнүн негизделиши жана анын тарыхы тууралуу кыскача маалымат берип өттү. Мындан тышкары, Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы орто мектебинин кыргыз тил сабагынын мугалими, Эл агартуунун отличниги Нүргүл Усубалиева кыргыз тилинин түптөлүшү боюнча маалымат берип, өздүк курамга өзү даярдап келген окуучуларынын концерттик программасын тартуулады.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын өткөрүү жөнүндө ИИМдин буйругу чыгарылган. Ал буйруктун талаптарын аткаруу максатында тил майрамына арналган салтанат Нарын облустук ички иштер органдарынын шаардагы, райондорундагы бөлүмдөрүндө өткөрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×