Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 21.09.2019 16:58

Улуттук көчмөндөр оюндары: Нарындын ордо оюнчулары 3-орунду ээлешти

Turmush -  Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Талас шаарында бүгүн, 21-сентябрда үч күнгө созулган ордо оюну боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ордо оюнунда ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан жалпы 9 команда күч сынашты.

Анда Нарын облусунан келген команда 3-орунду ээледи. Бул оюнчулар апрель айында өткөн Кыргызстандын чемпионатында 3-орунду камсыз кылышкан. Оюнга 18 жаштан жогорку оюнчулар катышкан.

4 оюнчу Жумгалдан, 2 оюнчу Ат-Башыдан, 2 оюнчу Нарын районунан тандалган.

Нарындын ордочулары:

- Эсен уулу Эркинбек;

- Ардакбек уулу Темирлан;

- Тукешов Алтынбек;

- Аманбеков Камчыбек;

- Токтоболот уулу Алымбек;

- Тариел уулу Талгатбек;

- Боргемиков Кайрат;

- Абакиров Жаныбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×