Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 21.09.2019 15:38 На русском

Улуттук көчмөндөр оюндары: Нарындын этно шаарчасы (фоторепортаж)

Turmush -  Талас шаарында өткөрүлүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында ар бир облустун ордосу өзгөчө жасалгаланган. Алардын арасында Нарын облусунан барган делегациянын Таш-Рабат тарыхый жерин чагылдырган этно шаарча бар. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Этно шаарчанын кире беришине Нарын деген жазуу өзгөчө жыгач менен шөкөттөлүп жазылган. Нарын облусунан ордого 75-80 баштуу жалпы 11 боз үй тигилген. Ар бир боз үй Нарын шаарына жана райондорго бөлүнүп тигилген. Биринин ичине узакка сакталчу улуттук тамаш-аштардын түрү коюлса, башка боз үйдүн ичине илбирс ичик, кементайдын, чепкендин түрү, суур тебетей жана карышкырдын териси дагы илинген.

Ордонун ичинде кол өнөрчүлөрдүн түрдүү буюрдары дагы орун алган. Ал эми ордонун ортосунда Соң-Көл көлү чагылдырылган. Этно базарда нарындык кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, шырдак, булгарыдан, кийизден жана темирден жасалган азем буюмдар коюлган.

Ошондой эле өнөрлүү адамдар күн сайын Нарындын ордосунун алдында ыр-күүлөрүн аткарууда. Улуттук көчмөндөр оюндарына жалпы 300дөн ашык адам келген. Алардын 80ге жакыны спортчулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×