Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 20.09.2019 16:19

Айыл турмушу: 59 жаштагы Р.Касымбекова 39 жылдан бери медайым болуп иштейт

Turmush -  Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 39 жылдан бери медайым болуп эмгектенген 59 жаштагы Роза Касымбекова медайымдардын айлыгынын аздыгына нааразы.

Роза Касымбекова 1960-жылы Нарын шаарында туулган. 1981-жылы Нарын медициналык училищасынын дарылоо иши факультетин аяктаган. Ошол эле жылы Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө бала кароочу, 1986-жылдан 1991-жылга чейин медайым болуп иштеген. 1990-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын балдар бөлүмүндө медайым болуп эмгектенип келет.

Ал — Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери, Кыргызстандын ардактуу айымы, Кыргыз Республикасынын аксакалдар союзунун мүчөсү.

«Туура эмес ийне сайып алган учурлар болгон эмес. Дарыгерлерди эч күнөөлөй албайм. Эгер бала катуу ооруса, дароо эле Бишкекке жөнөтүшөт. Кээ бир энелер баласы эмне себептен ыйлап жатканын айтпай, дароо эле «тиги же бул адамга телефон чалам» деп, баланы колуңа карматышат», - деди медайым.

Ал 2015-жылы медайымдар арасында өткөн кароо-сынакка катышып, 1-орунду алган.

«Мугалимдер менен стационарда иштеген медайымдардын айлыгы көтөрүлөт деген. Биздики дагы эле көтөрүлгөн жок. Сентябрда деген, эми октябрга калыптыр. Октябрда мугалимдер менен биздин айлыкты көтөрүп койсо жакшы болот эле.

Кыргызстанда медиктерге көңүл буруу деген жок. Эмгегиңди болгону эл актайт экен. "Балдар бөлүмүнүн дарыгерлери дагы, медайымдары дагы жакшы тейлейт экенсиңер" деген сөздү мен эл арасында көп угам. Мурда бизде шарт жок болчу, азыр жакшы», - дейт ал.

Роза Касымбекова үйүнөн бейтаптарга ийне сайбоого аракет жасайт.

«Кээде орто билимим менен жүрө бербей, билим деңгээлимди жогорулатсам болмок экен деп өкүнөм. Себеби биздин бөлүмдө дарыгер жетишпейт, медайымдар көп. 21 жашымда иштеп баштаптырмын. Ушул жашка чейин далай дарыгерлер менен иштештим.

Үй шартында ийне саюуга болот деп айтсам болот. Мен дароо дарыгер жазып берген кагазды сурайм. Айылдаштарыма кошуналык кылып сайып берем. Бирок үйдөн ийне сайбаганга аракет кылам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×