Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 19.09.2019 12:29

Нарында күч түзүмдөрүнүн ардагерлери компьютердик программаларды өздөштүрөт

Turmush -  Нарын шаарында күч түзүмдөрүнүн ардагерлерин компьютердик программалар боюнча окутуу иштери башталды. Бул тууралу долбоордун координатору Жыпара Кожобекова билдирди.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жана НАТОнун көмөгү менен жаңы долбоор башталды. Анын бет ачары өтүп, уюштуруучулар тарабынан доолбоор тууралуу маалыматтар берилди. Долбоор 2010-жылы башталган. Буга чейин Жалал-Абад, Талас, Баткен, Ош жана Бишкек шаарларында 1300гө жакын ардагерлер окутулган.

Окутуу үч ай бою жүргүзүлүп, 20га жакын адам тартылган. Ардагерлер 350 саатта компьютерде татаал программаны өздөштүрүп, сайт түзгөндү үйрөнүшөт. Ошондой эле окууну аяктаганда алар атайын күбөлүктөргө ээ болушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×