Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 19.09.2019 12:18

Нарын шаарынын мэри 1-октябрда шайланат

Turmush -  Нарын шаарынын мэрин шайлоо 1-октябрда өтөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Буга чейин 6-сентябрь күнү Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Мэрдин милдетин убактылуу биринчи вице-мэр Давид Курманов аткарууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Нарын шаарынын мэрин шайлоо 1-октябрга белгиленген. Шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу өтүп, мэр Нарын шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×