Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 17.09.2019 15:14

Улуттук көчмөндөр оюндарына Нарын облусунан 70 спортчу катышып жатат

Көк бөрү
Көк бөрү

Turmush -  Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарына Нарын облусунан жалпы 165 адам катышууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн аппаратынын бөлүм башчысы Динара Жунусова билдирди.

Алардын 70ге чукулу улуттук спорттун 9 түрү боюнча мелдешке катышат. Мындан тышкары улуттук каада-салттарды көрсөтүшөт.

«Таш-Рабаттын тарыхын чагылдырган сахналаштырылган оюн көрсөтөбүз», - деди ал.

Ошондой эле 7 боз үй тигилип, кол өнөрчүлөр өздөрүнүн эмгектерин көрсөтүп, маданий иш-чараларга катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×