Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 16.09.2019 17:10

Нарын шаарында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жаңы имараттуу болушту

Turmush -  Нарын шаарынын Ак-Көргөн чөлкөмүндөгү №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жаңы имараттуу болушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Имараттын ачылыш аземине чөлкөмдүн жашоочулары, медицина кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кувейт мамлекетинин демөөрчүлөрү катышты. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова, Нарын облустук медицина борборунун директору Мурат Алияскаров куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын билдиришти. Имараттын кызыл тасмасы кесилип, салтанаттын катышуучулары анын ичи менен таанышып чыгышты.

Аталган имаратты курууга араб демөөрчүлөр 30 миң долларга жакын каражат бөлүп беришкен. Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлиги 570 миң сом өздүк салым кошкон. Медициналык мекемеде 14 кызматкер иш алып барат. Чөлкөмдө жети миңден ашык адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×