Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 16.09.2019 09:14

Нарын шаарында кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды

Turmush -  Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында кыргыз тил сабагынын мугалимдери менен китепкана кызматкерлеринин катышуусунда жыйын болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Анын катышуучулары кыргыз тилинин коомдогу ролун жакшыртуу максатында жакшы саамалыктарды жана көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Жыйынга катышкан өкүлдүн биринчи орун басары Касен Асизов бүгүнкү күндө тил маселесин чечүүнүн жана «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын иш жүзүнө ашырылышынын жолдорун биргелешип аныктоонун зарылдыгы бар экендигин белгиледи. Жыйындын соңунда кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон бир катар мугалимдерге жана китепкана кызматкерлерине «Ыйык тил» төш белгиси тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×