Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 06.09.2019 13:12

Нарын шаарындагы борбордук аянтты оңдоо иштери башталды(сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянты жакында толугу менен реконструкцияланат. Бул тууралуу облустук капиталдык курулуш мекемесинин бөлүм башчысы Токтобек Султаев билдирди.

«Аянтты реконструкциялоо долбоору шаардагы инфраструктуралык долбоорлордун катарында 2018-жылы иштелип чыгып, бул иштерге 25 миллион сомдун тегерегиндеги каражат зарыл болгондуктан каражат издөө аракеттери жүргүзүлүп келген.

Быйыл улуу инсаныбыз Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата аянтты реконструкциялоо боюнча өкмөткө сунуш берилип, колдоого алынып, республикалык бюджеттен 19 миллион сом бөлүнүп берилди. Мындан сырткары Т.Усубалиевдин айкелин орнотууга жумшалуучу 6 миллион сомдун тегерегиндеги каражатты демөөрчү каржылап бермей болду», - деди ал.

Жакында капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланып, аны 19 миллион 683 миң сомго утуп алган компания демонтаждоо иштерин баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×