Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 05.09.2019 08:38

Нарын шаарында таштандыны үйлөрдөн ташып кетүү ыкмасы ишке кирди

Turmush -  Нарын шаарынын Ак-Коргон аймагында таштандыны үйдөн жыйнап кетүү ыкмасы колго алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, бул аймакта жаз айынан бери калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында бир таштанды түйүнү жоюлуп, ар жуманын ишемби күндөрү «Таза-Нарын» ишканасынын автоунаасы таштандыларды үйлөрдөн чогултуп кетүүдө.

«Мындай шартта иштөө ишкананын жумушчуларына да жеңил. Элге да ыңгайлуу болду. Мурда аймак тургундары курулуш таштандыларынан баштап малдын кыгына чейин таштанды жайларына төгүп коюп баса беришсе, эми жашоочулар өздөрү да кызыкдар болуп, бири-бирин көзөмөлдөп жатышат. Бул үчүн коомдук алдын алуу борбору жардамга келди. Борбор Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын Ак-Коргон аймагындагы кеңсесине жайгашып, коомчулук менен иштешүүдө муниципалдык ишкананын ишине ар тараптан көмөк көрсөтүүдө.

Бир кезде таштанды түйүндөрү зарыл болсо, бүгүн тескерисинче аларды жоюп, үйдөн алдыруу талапка ылайык келүүдө. Муну менен шаар ичиндеги таштанды аралаган уйлардын маселесин да чечсек болчудай. Биз таштанды жеген уйдун сүтүнүн зыяндуулугу боюнча атайын адистердин корутундусун жазып, аймак тургундарына таратып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Аймактагы уйларга бада уюштуруу аракети да көрүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×