Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 03.09.2019 17:18

Нарында 596 айдоочу айып пулга жыгылды

Turmush -  Нарын облусундагы мектептерде «Салам, мектеп» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук ЖКККБдан билдиришти.

Маалым болгондой, жол кырсыктарын алдын алуу жана өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын болтурбоо максатында 27-августтан 1-сентябрга чейин облустун аймагында рейд өткөрүлдү. Рейд убагында жол эрежесин бузган 596 айдоочуга протокол түзүлүп, анын ичинен спирт ичимдигин ичип автоунаа башкарган 17 жана терезени караңгылаткан 2 айдоочуга чара көрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×