Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 03.09.2019 11:18

Нарын шаарында ат-башылык эки волейболчу сыйланды. Сүрөт

Turmush -  Нарын шаарында волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү — Азамат Жумабеков менен Темир Муса уулу сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аларды дубан башчысы Аманбай Кайыпов кабыл алды. Спортчулар чемпионаттын кандай өткөнү, андан алган таасирлери тууралуу айтып беришти.

Өз кезегинде дубан башчысы аларды жеңиши менен куттуктап, спорттогу ийгиликтерди каалап, ардак грамота менен сыйлады. Ошондой эле Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы А.Осмоналиев ар бирине 10 миң сомдук сертификат тапшырды.

Волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Азиянын зоналык чемпионатында чемпион аталышты. 24-августта финалдык беттеште Кыргызстандын курамасы Өзбекстандын командасын 3:0 эсебинде жеңген. Ага чейин Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркмөнстандын курама командасын 3:0 менен утуп, тайпалык баскычтарда Непал менен Мальдив аралдарынын курама топторун уткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×