Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 02.09.2019 21:00

Нарындагы мектептерде жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери башталды

Turmush -  Жаңы окуу жылынын башталышына карата Нарын облустук ЖКККБнын кызматкерлери облустун бардык аймактарындагы мектептерде жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

«Бүгүн, 2-сентябрда Нарын облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу үчүн облустун аймагындагы мектептерге бөлүнүп, окуучуларга жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×