Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 02.09.2019 17:01

Нарын облусунда 5 мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилет

Turmush -  Быйылкы 2019-2020-окуу жылында Нарын облусунда 5 мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди.

Анын айтымында, облус боюнча 141 мектеп толук оңдоодон өтүп, 70-80 пайызы окуу жылына даяр.

«Ушул бир айдын ичинде буюрса 5 жаңы мектеп ачылат. Ал эми калган мектептер жылдын аягына чейин, айрымдар кийинки жылы ачылат.

Бүгүнкү күндө 59 мектепке интернет байланышы туташтырылды. Учурда 40 мектепке интернет коюу иштери жүрүп жатат. Ал эми калганы жылдын аягында 90-95% камсыз болот.

Эртең буюрса Кочкордун Дөң-Алыш айылында курулуп бүткөн бир мектепти ачабыз. Ал эми 7-сентябрда ошол эле Кочкордо эки мектептин ачылышы өтөт. Сентябрдын аягы менен Жумгалда, Ак-Талаада ачылса, жылдын аягына чейин дагы 1-2 мектепти бүтүрүүгө аракет кылып жатабыз. Айрым мектептерге жетиштүү каражат бөлүнбөгөндүктөн иш аяктабай калды. Буюрса кийинки жылы бир топ мектеп ишке берилип калат», - дейт облус башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×