Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 02.09.2019 12:43

Нарын шаарынын кире беришине жаңы арканын курулушу башталды

Turmush -  Нарын шаарынын кире беришине жаңы арканын курулушу башталып, капсуласы коюлду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов жана башка жетекчилер, шаар тургундары катышты.

Аталган арканы куруп жаткан жеке ишкердин айтымында, жалпысынан 7-8 млн сомдой каражат сарпталат. Негизинен долбоордун баасы 5-6 млн сомдун тегерегинде деп эсептелген. Бирок арка курулуп бүткөндөн кийин жашылдандыруу иштери жүрөт. Андагы жумуштар 2-3 млн сомго барат.

Арканын бийиктиги 15 метр, желек менен чогуу 19 метр болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×